Тынчтык Корпусунун жаңы ыктыярчылары
Бүгүн Тынчтык Корпусунун жаңы ыктыярчылары ант беришти. Элчи Спратлендин сөзүн бул жерден англисче окусаңыздар болот.
“Stooges Brass Band” тобунун концерти өттү
Америка бурчтары жана борборлору программасынын 10 жылдык мааракесине карата АКШдан келген топтун концерти Бишкекте, Кантта, Нарында жана Кочкордо өттү.
FLEX программасына 20-жыл
1993-жыдан бери 12 Евразия өлкөсүнөн 22 миңден ашуун FLEX программасынын катышуучулары стипендия алып, бир жыл боюу америкалык кабыл алуучу үй-бүлөлөр менен жашаган. Программа учурунда окуучулар өздөрү жашаган жамааттардын иш-аракеттерине аралашып, мектепте окушкан.
БААУнун бүтүрүү аземинде элчинин сүйлөгөн сөзү
Урматтуу бүтүрүүчүлөр, эми сиздер ийкемдүү, ачык, кең ойлонуп, фактыларды талдап, келишпестиктерди ажыратып билүүгө, ушак менен башкаларга жетеленбестен өз алдыңарча ой жүгүртүүгө даярсыңар.
Негизги жаңылыктар
-
Элчиликтин жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө билдирүүсү
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 18-майда өтүп жаткан Жалпы республикалык тестирлөөдө катышкан бардык окуучуларга ийгилик каалайт.
-
Жогорку Кеңешке көмөктөшүү программасы ийгиликтерге жетишүүдө
USAID/DFID Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү Программасы Парламент менен 2010-жылдын октябрынан баштап иштеп жатат.
-
Кыргызстандын фермерлерине айыл чарба жабдууларын тапшыруу
Программанын экинчи бөлүгү үрөн өндүрүү тармагына көмөк көрсөтүп, элеттик 180 миң фермерге таасирин тийгизип жана Кыргыз Республикадагы үрөн өндүрүүчү чарбалардын экспорт мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
-
Америка күндөлүгү
America.gov интернет барагы
Америка күндөлүгү
-
Ак үйдүн блогу
Блог
Негизги окуялар жана иш-чаралар
-
Басылма
eJournal USA
Электрондук журнал
-
Статистика
Эл аралык жардам программалары
Өлкөлөр жана уюмдар боюнча толугураак маалымат
-
Социалдык тармактар
АКШ Элчилиги Ютубда
Биздин тасмаларды көрүү үчүн каналыбызга жазылыңыздар!
-
Социалдык тармактар
АКШ Элчилиги Твиттерде
Биз менен болуңуз
Элчиликтин башка жаңылыктары
-
АКШ Сузак районундагы ЗАГС жана паспорт столуна колдоо көрсөтөт
2013-жылдын 21-майында USAIDдин Өткөөл мезгилдеги демилгелер программасы жергиликтүү өкмөттүн өкүлдөрү жана коомдун мүчөлөрү менен бирге Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кайрадан жаңылап чыккан ЗАГС жана паспорт столун ачышат. Маараке Сузактагы Юнусов көчөсүндөгү ЗАГС имаратында, саат 11:00дө, жана Ленин 221көчөсүндөгү паспорт столунун имаратында, саат 13:00дө өтөт. Маараке өзбек жана кыргыз түгөйүнун үйлөөнүүсүн каттоо жана жараандарга мамлекеттик паспортторун тапшыруусу менен белгиленет.
-
АКШ Сузак районундагы ЗАГС жана паспорт столуна колдоо көрсөтөт
2013-жылдын 21-майында USAIDдин Өткөөл мезгилдеги демилгелер программасы жергиликтүү өкмөттүн өкүлдөрү жана коомдун мүчөлөрү менен бирге Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кайрадан жаңылап чыккан ЗАГС жана паспорт столун ачышат. Маараке Сузактагы Юнусов көчөсүндөгү ЗАГС имаратында, саат 11:00дө, жана Ленин 221көчөсүндөгү паспорт столунун имаратында, саат 13:00дө өтөт. Маараке өзбек жана кыргыз түгөйүнун үйлөөнүүсүн каттоо жана жараандарга мамлекеттик паспортторун тапшыруусу менен белгиленет.
-
АКШ Өкмөтү Кыргыз тарап менен издөө жана куткаруу тажырыйбалары менен бөлүшөт
Майдын 20-22 күндөрүндө АКШнын Монтана штатынын Улуттук Гвардиясы жана Миссисипи штатынын Улуттук Гвардиясынын Куралдуу тобу шаардык шарттарда издөө жана куткаруу боюнча окутуу өткөрүп, Кыргыз Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Улуттук ыкчам чара көрүү планын баалайт. Бул иш чара Министрликтин Беловодск айылынын жанындагы «Садовое» улуттук машыгуу борборунда, «Имараттын Кулашы» аттуу сценарийинде өтмөкчү. Тез чара көрүү топтору жана куткаруучулар жабыркагандарды эвакуациялоо, кабаттуу имараттан аркан менен куткаруу, ажыратуу жана казып тешүү, коопсуз кирүү үчүн бөлүктөрдү тирөө жана сыныктарды көтөрүп жылдыруу ыкмалрын көнүгүүсү максатында атайы «Урандылардын үймөсү» тургузулган.
-
АКШ Өкмөтү Ош мамлекеттик университетин колдоодо
2013-жылдын 15-майында USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кери Н. Гордон Ош мамлекеттик университетине АКШ Өкмөтүнөн эки грант тартуулады. Жалпысынан болжол менен 90 000 АКШ долларына барабар болгон бул эки грант көз карандысыз тестирлөө Борборунун кеңейүүсүн жана Ош мамлекеттик университетинин студенттерди кабыл алуу тартибин жакшыртуусун колдоо үчүн жабдуулар менен камсыз кылат.
-
Кыргызстандын элине Америка элинен гуманитардык жардам
2013-жылдын 8-майында АКШнын Өкмөтү америкалык “Проект ХОУП” кайрымдуулук уюму аркылуу Бишкек шаарынын, Чүй, Ош, Жалалабад, Баткен, Нарын, Талас жана Ысык-Көл областарынын медициналык мекемелерине жалпы суммасы 42 миңден ашуун АКШ доллары өлчөмүндөгү гуманитардык жардам өткөрүп беришет.
-
АКШ Өкмөтү Ички иштер министрлигине жардыруучу заттарды аныктоочу жабдуу берди
3-майда АКШ элчиси Памела Спратлен жардыруучу заттарды табуу жана аныктоодо колдонулуучу 40 000 АКШ доллар өлчөмүндөгү жабдууларды Ички иштер министрлигинин экспертизалык лабараториясына жана Милиция академиясына өткөрүп берди.
-
Өзгөн шаарын жарыктандыруу жана жол коопсуздугун жакшыртуу
2013-жылдын 29-апрели - Өзгөн шаарынын муниципалитети негизги көчөлөргө жарык берүүчү чырактарды жана светофорлорду орнотуу аркылуу шаарда айдоочулардын коопсуздугун жана экономикалык ишмердүүлүгүн жакшыртууда.
-
АКШнын Өкмөтү Экономика министрлигине тоо-кен өнөр жайын өнүктүрү үчүн жардам көрсөтүүдө
2013-жылдын 4-апрелинде АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), USAID РЕФОРМА долбоору аркылуу, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине компьютердик жабдууларды, алдыңкы геологиялык моделдөө программалары менен маалымат жана байланыш техникаларын (ИКТ) тапшырды.
-
iLuminate журналисттер менен жолугат
26-мартта саат 15:00дө журналисттер iLuminate бий тобунун сахнага даярдануу жараянын видеого, сүрөткө тартууга жана бий тобунун мүчөлөрүнөн маек алууга мүмкүнчүлүк алышат.
-
АКШ Өкмөтү кургак учук менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүн белгилейт
Кургак учук менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүн белгилөө жаатында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) кургак учук жөнүндө түшүнүктү жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аракетин колдоо үчүн эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн бириктирүүнү пландаштырды. Жеңиш аянтында 2013-жылдын 22-мартында АКШ Элчилигинин өкүлдөрү жана бишкектеги университеттин студенттери жалпы жарышка катышат. Иш-чара Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнүн куттуктоо сөзү менен саат 12:00дө башталат.
-
iLuminate бий тобу Кыргызстанда жарыгын чачат
“iLuminate” америкалык бий тобу АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган “Маданий элчилер” программасынын алкагында 22-29-мартта Кыргыз Республикасына келет. Алар Бишкекте жана Караколдо студенттер жана бийчилер менен жолугуп, мастер-класстарды өткөрүп, инновациянын, технологиянын жана заманбап бийди камтыган өнөрүн тартуулашат. “iLuminate” бий тобу жаштарды келечекти карай аракеттенүү менен жаңы ойлорду колдонуп билүүгө чакырат. Ошондой эле алар сабырдуулукту тарбиялоодогу музыка менен бийдин ролу тууралуу кеп кылышат.
-
Улуттук илимдер академиясы Кыргызстандагы изилдөөчүлөр үчүн рецензиялануучу басылмалардын семинарларын өткөрөт
Бүгүн Улуттук илимдер академиясы Кыргызстандагы изилдөөчүлөр үчүн рецензиялануучу басылмалардын семинарларын өткөрөт. Семинарда изилдөөчүлөр, журнал редакторлору жана рецензенттердин көз карашындагы ийгиликтүү илимий макалаларды жазуу ыкмалары сунушталат.
Визалар/Консулдук бөлүм
-
Визалар АКШга кирүү үчүн кыргыз жарандарына виза керек
-
Иммиграциялык визалар лотереясы 2013
-
Кабыл алуу убактысы жана дареги Дү, Ше, Жу 9-12
-
Абайлагыла: алдамчылар!
USAID
-
Кыргызстанга берилген жардам
-
Ийгиликтүү окуялар
-
Маалымат-жарчысы 2011-жылдын декабры
-
Байланышуу маалыматы






